«Мурас Банк» ЖАКтын акциялары катталды
Регулятор «Мурас Банк» ЖАКтын 140 миң акциясын 1,4 млрд сомго каттады. Негиздөөчү — Сергей Ентц.
Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы «Мурас Банк» ЖАКтын жөнөкөй аттуу акцияларынын негизги чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрдү. Ар бири 10 миң сом номиналдуу баада 140 миң акция чыгарылды. Жалпы эмиссия көлөмү 1,4 млрд сомду түзөт. Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине 2025-жылдын 30-июнунда «Мурас Банк» ЖАКтын негизги чыгарылышына KG 0101251013 номери ыйгарылды.
«Мурас Банк» ЖАКтын негиздөөчүсү Кипр жараны Сергей Ентц (Sergey Entts) болуп саналат. Банк түзүлүү стадиясында жана лицензия алууга даярданууда. 2025-жылдын июнунда юридикалык жак катталган, сентябрда кеңсе жабдуулары аяктап, «Мурас Банк» расмий сайты иштей баштады, автоматташтырылган банк тутуму түзүлүп, уюмдун негизги командасы калыптанды.