Ноябрдын биринчи жумасында 19 миң жаран насыя алууга өз алдынча тыюу койду
Ноябрдын биринчи жумасында 19 миң кыргызстандык Tunduk аркылуу насыя алууга өз алдынча тыюу коюу функциясын колдонду.
Кыргызстанда өз алдынча насыя алууга тыюу коюу функциясы ишке киргенден кийин биринчи жуманын ичинде 19 миңден ашык жаран жаңы кызматты колдонду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкыбилдирди.
2025-жылдын 1-ноябрынан тарта өлкөдө насыя алууга өз алдынча тыюу механизми иштей баштады. Ал жарандарга өз атына насыя алууга мүмкүнчүлүктү чектөөгө шарт түзөт. Бул демилге финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүүгө жана жеке коопсуздукту жогорулатууга багытталган.
Өз алдынча тыюу коюу — ыктыярдуу жана акысыз кызмат. Ал иштетилгенден кийин банк же микрофинансылык уюм адамдын атына насыя бере албайт.
Тыюу коюу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Tunduk тиркемесине же порталына кирүү;
- «Насыя алууга өз алдынча тыюу» кызматын тандоо;
- бир кредиттик бюрону көрсөтүү;
- иш-аракетти тастыктоо.
Мындан кийин чектөө дароо күчүнө кирет, ал эми банктар насыя берүүдөн мурда эки бюрону тең текшерүүгө милдеттүү.
Тыюуну каалаган убакта алып салса болот, бирок дароо эмес — 12 сааттык күтүү мөөнөтү каралган. Бул чара аккаунт бузулган учурда алдамчылар тыюуну дароо жок кыла албоосу үчүн киргизилген.