Январь–сентябрь айларында Кыргызстандын ИДПсы 1,2 трлн сомдон ашты — өсүш 10%

Кыргызстандын экономикасы 2025-жылы туруктуу өсүүдө — ИДП 10% көбөйүп, 1,24 трлн сомго жетти.

Улуттук статистикалык комитет өлкө экономикасында олуттуу өсүш болгонун маалымдады. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын ички дүң өнүмү 2025-жылдын январь–сентябрь айларында 1 трлн 240,5 млрд сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10% көбөйгөн.

Нацстаткомдун төрайымынын биринчи орун басары Назира Керималиеванын айтымында, экономикалык өсүштүн негизги факторлору болуп өнөр жай ишканаларынын жана кызмат көрсөтүү тармагынын кеңейиши эсептелет.

Өсүштүн негизги тармактары:

  • фармацевтикалык продукция — 2,3 эсеге көбөйгөн;
  • азык-түлүк, ичимдик жана тамеки өндүрүшү — 40,1% көбөйгөн;
  • резина жана пластмасса буюмдары, курулуш материалдары — 31,8% көбөйгөн;
  • жыгач жана кагаз буюмдарынын өндүрүшү, полиграфия — 28,7%;
  • химиялык өнөр жай — 17,7%;
  • текстиль жана кийим тигүү тармагы — 8,5%;
  • пайдалуу кен казуу — 16,3%.

Курулуш тармагы эң мыкты натыйжаларды көрсөттү — өсүш 29,6% түздү. Опттук жана чекене соода 10,9%, ал эми айыл чарба 0,9% көбөйдү.

ИДПнын 10% өсүшү акыркы бир нече жылдагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Нацстаткомдун баамында, мындан аркы экономикалык өнүгүү баалардын туруктуулугуна, инвестициялык активдүүлүккө жана кыргыз өнөр жай продукциясына болгон суроо-талапка жараша болот.