Вице-премьер Кыргызстанга инвестиция тартуу темпинин жайлаганын билдирди
Кыргызстанда ишканалар көбөйсө да, инвестициялар эки эсеге азайды.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Кыргызстанда инвестиция тартуу темпи төмөндөгөнүн маалымдады. 2024-жылы өлкөдө жалпысынан $900 млн инвестиция менен болжол менен 120 ишкана ачылган. Учурдагы 2025-жылы жаңы ишканалардын саны бир аз көбөйүп, 126га жеткен, бирок инвестициялардын көлөмү 2 эсе азайып, $450 млн түзгөн. «Бизде портфелдин сапаты да начарлап жатканын көрүп жатабыз», — деди вице-премьер, көлөмдөр гана эмес, инвестициянын түзүмү да көйгөй жаратып жатканын баса белгилеп.
Көз карандысыздык күнүнө карата 126 ишкананын ичинен 67си ишке берилген, калганын жыл аягына чейин ачуу пландалууда. Ошол эле учурда өнөр жай өндүрүшү оң динамиканы көрсөтүүдө: январь-июль айларында өсүш 11,5%, ал эми тоо-кен тармагын эсепке албаганда — 21,5% түздү.
Ишкерлерди колдоо үчүн өкмөт бир катар чараларды даярдап жатат. Айрыкча кредиттердин наркын төмөндөтүү максатында пайыздык чендерди субсидиялоо программасы иштелүүдө жана ал 2026-жылдын 1-январынан тартып толук иштей баштайт.
Мындан тышкары, евробонддорду жайгаштыруудан түшкөн каражат мамлекеттик банктын капиталын көбөйтүүгө жана ири бизнести кайра насыялоого багытталууда. Ошол эле учурда айыл чарба жана курулуш техникасын лизингге берүү өнүгүп жатат.