ШКУда өзүнүн Өнүктүрүү банкын түзүү маселеси кайра көтөрүлдү

ШКУ өлкөлөрү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн өзүнүн Өнүктүрүү банкын түзүү маселесин кайра талкуулап жатат.

Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнө биргелешкен инвестициялык долбоорлорду колдоо үчүн бирдиктүү финансылык институт керек. ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү мүчө мамлекеттер ортосундагы макулдашуулар зарыл болгондуктан бир нече жылга созулушу мүмкүн.

Бул тууралуу 21-майда ШКУнун башкы катчысынын орун басары Хан Сухэль Шанхай кызматташтык уюмунун аналитикалык борборлор форуму — 2026да билдирди.

Анын айтымында, уюм ичинде бир өлкөнүн эмес, бүткүл ШКУ мейкиндигинин кызыкчылыгындагы долбоорлорду каржылоого жардам бере турган механизмге муктаждык өсүүдө. Мындай банк ар башка мамлекеттердеги демилгелерди кезеги менен колдоп, каражаттарды 2-3 жылдык долбоорлорго багыттай алмак.

Хан Сухэль уюмдун өлкөлөрүнө кыйла тыгыз экономикалык байланыштар, жалпы рынок жана ШКУ ичинде товарларды эркин илгерилетүү мүмкүнчүлүгү керек экенин белгиледи. Анын пикиринде, бул үчүн биргелешкен инвестициялык долбоорлор жана экономикалардын жогорку өз ара байланыштуулугу зарыл.

ШКУнун Өнүктүрүү банкын ишке киргизүү мөөнөттөрү тууралуу айтып жатып, Хан Сухэль процесс ири көлөмдөгү документтерди даярдоону жана мамлекеттер аралык макулдашууларды талап кыларын белгиледи. Ал мурда айрым өлкөлөр мындай институтту түзүүнү колдосо, айрымдары каршы болгонун эске салды. Талаштуу маселелердин арасында санкциялык тобокелдиктер жана валюталык саясаттагы айырмачылыктар болгон.

Демилгени талкуулоо 28-29-майда ШКУ өлкөлөрүнүн финансы министрликтери жана борбордук банктарынын жолугушуусунда уланат. Дал ушул деңгээлде катышуучулар уюмдун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча мүмкүн болгон кийинки кадамдарды карашы керек.