Улуттук банктын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду
Улуттук банктын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болуп, төраганын жаңы орун басары дайындалды.
Президенттин Администрациясы 20-январда маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары болуп Медет Таиров дайындалды. Ал бул кызматка дайындалганга чейин, 2023-жылдын 28-февралынан тартып Элдик Банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.
Бул кадрдык чечим жөнгө салуучу органдын мурдагы төрага орун басарын кызматтан бошотуу фонунда кабыл алынды. Аталган кызматты 2024-жылдын 7-сентябрынан бери аркалап келген Бектур Алиев кызматынан кетти. Ал бул кызматта бир жарым жылга жетпеген убакыт иштеген.