«Мурас Банк» ЖАК Кыргызстандын юридикалык жактарынын реестринде катталган

Бишкек

Жалгыз акционери - финансист жана инвестор Сергей Ентц. Сергей Ентц - Кипрдин жараны, мурда Россияда банк бизнеси жана инвестициясы менен алектенген, бирок акыркы жылдары ал Россия Федерациясынын аймагындагы каржы бизнесин толугу менен таштап, Кыргыз Республикасындагы (Бишкек), БАЭ (Дубай), Италия (Тоскана) долбоорлоруна көңүл бурган.
Жаңы банкты буга чейин «Росинбанк» жана «Бай Түшүм» банктарынын филиалдарын жетектеп келген Азамат Өмүралиев жетектейт.
«Мурас Банктын» жетекчиси Азамат Өмүралиевдин айтымында, түзүлүп жаткан, лицензия ала элек банк Кыргыз Республикасы үчүн концептуалдык жактан жаңы банк болуп калат. «Биздин банктын негизги ишмердүүлүгү өлкө ичинде да, эл аралык биржаларда да баалуу кагаздар рыногунда иштөөгө багытталат.Ошондуктан биздин инвестор Сергей Енцтин тажрыйбасы биз үчүн абдан баалуу», - деди Өмүралиев. "Бул адам биринчи кезекте баалуу кагаздар жана көз карандысыз (мурунку банктык) кепилдиктер менен иштөө, ошондой эле кардарларды аралыктан тейлөөнү уюштуруу боюнча 30 жылдык банк тажрыйбасына ээ". Бүгүнкү күндө банкты ачууга Улуттук банктан уруксат алынган. Жакынкы жарым жылдын ичинде банктын башкы кеңсесин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү, банктын бүтүндөй IT жана инфраструктурасын уюштуруу, АБСти түзүү, штаттык бирдикти түзүү, ошондой эле уставдык капиталды жана акциялардын эмиссиясынын проспектин түзүү жол-жоболорун жүргүзүү боюнча бир топ иштерди аткарууга туура келет. Акыркы 15 жыл ичинде Кыргыз Республикасында үч гана банк лицензия алган; рыноктун калган катышуучулары 2010-жылга чейин түзүлгөн. Бардыгы болуп, 2025-жылдын 25-июнуна карата абал боюнча, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (УБК) маалыматы боюнча, 21 банк иштеп турган.