Кыргызстанда мамлекеттик майнинг бекитилип, крипторынок үчүн укуктук «песочницалар» киргизилди
Кыргызстанда виртуалдык активдер тууралуу мыйзам жаңыртылып, мамлекеттик майнинг жана регулятивдик песочницалар киргизилди.
Кыргызстанда виртуалдык активдер тууралуу мыйзамдар жаңыртылды. Кабыл алынган өзгөртүүлөр мамлекеттик майнингдин укуктук негизин түзүп, жаңы санариптик инструменттерди киргизет жана пилоттук жөнгө салуу механизмин бекитет.
Виртуалдык активдер боюнча өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзамга Президент Садыр Жапаров кол койду. Документ 2025-жылдын декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылып, санариптик активдер рыногунун ачыктыгын жана башкарылуусун күчөтүүгө багытталган.
Түзөтүүлөр мыйзамдагы түшүнүктөрдү кеңейтип, тактайт. «Стейблкоин», «реалдуу актив менен камсыздалган токен», «мамлекеттик майнинг» жана «мамлекеттик криптовалюта резерви» түшүнүктөрү мыйзамда расмий бекитилди. Бул жөнгө салуучу органга санариптик продуктулардын түрлөрүн так ажыратууга мүмкүнчүлүк берет.
Өзүнчө бөлүк катары атайын жөнгө салуучу режим — «регулятивдик песочница» киргизилди. Президент өлкөнүн айрым аймактарында чектелген мөөнөткө пилоттук жөнгө салууну белгилөө укугуна ээ болду. Бул режимдин алкагында ыйгарым укуктуу орган:
- виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүчүлөрүнө лицензия жана уруксат берүүгө;
- экспериментке уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрлөрүн аныктоого;
- лицензиялардын жана уруксаттардын мөөнөттөрүн белгилөөгө укуктуу.
Берилген документтер жеке аталышта болуп, мөөнөттүү жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
Мыйзам ошондой эле майнинг ишмердүүлүгүн милдеттүү каттоону киргизет. Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар белгиленген тартиптен өтүп, сертификат алгандан кийин гана майнинг менен алектене алышат.