Кыргызстанда банкроттук учурларында салымчыларга төлөм жүргүзүүчү банктарды алдын ала тандоо сунушталууда
Кыргызстанда банкроттук учурларында салымчыларга төлөм жүргүзүү үчүн банктарды алдын ала тандоо механизмин киргизүү сунушталууда.
Депозиттерди коргоо агенттиги салымчыларга компенсация төлөө үчүн банктарды алдын ала тандоону караган жаңы эрежелердин долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ үч жылдык алдын ала тандоо циклын киргизүүнү сунуштайт.
Демилге банк лицензиясы кайтарылып алынган же банкроттук жарыяланган учурларда калкка каражаттарды тез кайтарууну максат кылат. Кризистен кийин банк-агентти шашылыш издөөнүн ордуна, мүмкүн болгон өнөктөш банктардын тизмесин алдын ала түзүү сунушталууда. Мындай тандоо үч жылда бир жолу жүргүзүлөт.
Конкурска катышуу үчүн финансы уюмдары төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
- депозиттерди коргоо тутумунун катышуучусу болуу;
- Улуттук банктын нормативдерине ылайык жетиштүү өздүк капиталга ээ болуу;
- акыркы алты ай ичинде жөнгө салуучунун олуттуу санкциялары же чаралары болбошу;
- салымчылар жайгашкан аймактарды камтыган өнүккөн филиалдык тармакка ээ болуу.
Процедуранын жыйынтыгында Агенттик бирден үчкө чейинки банктан турган резервдик тизмени түзөт. Тандалган банктар менен үч жылдык мөөнөткө келишимдер түзүлөт.