Кыргызстанда терминалдар аркылуу эсептерди толтурууда аралыктан идентификациялоо киргизилет

Кыргызстанда 2027-жылдын I кварталында төлөм терминалдары аркылуу эсептерди накталай толтурууда аралыктан идентификациялоо механизмин киргизүү пландалууда.

Кыргызстанда төлөм терминалдары аркылуу эсептерди накталай акча менен анонимдүү толтуруу мүмкүнчүлүгүн жоюу пландалууда. Улуттук банк жана Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы 2027-жылдын I кварталында кардарларды аралыктан идентификациялоо механизмин киргизүүгө тийиш.

Бул чара 2026–2030-жылдарга кылмыштуу ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияда каралган. Документ Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы №653 токтому менен бекитилген.

Банктар жаңы идентификациялоо механизмин эске алуу менен ички контролдоо программаларын жаңыртышы керек.

Өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — жөнөтүүчүнү идентификациялабастан терминалдар аркылуу эсептерге накталай акча салууга мүмкүндүк берген схемаларды жоюу.

Өзгөртүүлөр Кыргызстан 2026–2027-жылдары Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун өз ара баалоосунун үчүнчү раундуна чейин ишке ашырууну пландаган чаралардын комплексине кирет.

Бийлик финансылык операцияларга көзөмөлдү күчөтүү төлөм инфраструктурасын мыйзамсыз максаттарда пайдалануу тобокелдиктерин азайтып, Кыргызстандын ФАТФтын «боз тизмесине» киришине жол бербейт деп эсептейт.