Кыргызстанда керектөөчү насыяларды берүүдө эрежелерди бузган банктар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү
Кыргызстанда керектөөчү насыя берүү эрежелерин бузган банктар үчүн 65 миң сом айып пул каралды. Улуттук банк көзөмөлдү күчөтөт.
Президент Садыр Жапаров банктар менен микрофинансылык уюмдардын керектөөчү насыяларды берүүдө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөткөн мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш 25-сентябрда кабыл алган документ базардагы адилетсиз иш ыкмалары үчүн айып пул киргизип, эң жогорку пайыздык ченди эсептөө тартибин тактады.
Негизги өзгөрүү — эрежелерди бузган насыя берүүчүлөргө 65 миң сом (же 650 эсептик көрсөткүч) өлчөмүндө административдик айып пул салуу. Бузууларга төмөнкүлөр кирет:
- карыз алуучуга жашыруун комиссияларды жана кошумча кызматтарды таңуулоо;
- келишимдерде пайыздык чендерди туура эмес көрсөтүү;
- насыя шарттары тууралуу маалыматты толук ачык көрсөтпөө.
Эми Улуттук банк бул нормаларды сактабаган же карыз алуучулардын укуктарын бузган уюмдарга чара көрүү ыйгарым укугуна ээ болот. Мыйзам ошондой эле керектөөчү насыялар боюнча жогорку пайыздык чендианыктоо механизмин өзгөрттү. Ал Улуттук банк жарым жылда бир жолу жарыялаган орточо номиналдык ченге 12% кошуу менен эсептелет. Мурун бул кошумча 15% болгон, ошондуктан банктар жогору пайыз коюуга мүмкүнчүлүк алышкан.
Жаңы мыйзам кредиторлор үчүн так эрежелерди белгилеп, кардарлардын укуктарын коргоону жана каржылык уюмдардын жоопкерчилигин күчөтүүнү максат кылат.