Кыргызстанда 1-ноябрдан тарта мамлекеттик кызматтар порталында насыя алууга өз алдынча тыюу киргизилет

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта Tunduk порталы аркылуу насыя алууга өз алдынча тыюу салуу киргизилет. Бул чара ашыкча карыз алууларды азайтууга багытталган.

Кыргызстандын Улуттук банкы насыя алуучуларды коргоонун жаңы механизмин киргизди — насыя алууга өз алдынча тыюу салуу (самозапрет). Ал 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта күчүнө кирет. Бул чара 23-октябрдагы №2025-П-12/55-3-(НПА) токтому менен бекитилип, регулятордун 12 нормативдик актысынаөзгөртүүлөрдү киргизет.

Жаңы эрежелерге ылайык, жарандар Tunduk мамлекеттик порталы аркылуу насыя алуу мүмкүнчүлүгүн өз алдынча чектей же кайра ачып ала алышат.
Бул система алдамчылыктын жана ойлонбой алынган насыялардын тобокелдиктерин азайтуу менен катар калктын насыялык тартибин чыңдоого багытталган.

Жаңы тартипке ылайык:

  • жарандар банкка барбастан онлайн түрүндө тыюу салуу же аны алып салуу арызын бере алышат;
  • насыя берүүчүлөр — банктар, микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар, турак жай топтоо кооперативдери жана кепилдик фонддор — кредиттик бюролор аркылуу тыюунун статусун текшерүүгө милдеттүү;
  • эгерде өз алдынча тыюу активдүү болсо, насыя берүүгө жол берилбейт.

Улуттук банк бул чара калктын ашыкча насыя алуусун азайтууга жана банк секторундагы проблемалуу насыялардын үлүшүн кыскартууга жардам берерин белгиледи.