Кыргызстанда венчурдук каржылоо жөнүндө мыйзам иштелип чыгууда
Кыргызстанда стартаптарды өнүктүрүп, жаңы инвестицияларды тартуу үчүн венчурдук каржылоо жөнүндө мыйзам даярдалууда.
Бишкекте заманбап венчурдук капитал рыногун түзүү шарттары талкууланды. Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) Экономика жана соода министрлиги менен биргеликте альтернативалуу инвестициялар боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын сунуштады.
Экономика министринин орун басары Гүлшат Асылбаева белгилегендей, венчурдук каржылоо ишкерлерди колдоонун жана стартаптарды өнүктүрүүнүн негизги куралдарынын бири болушу керек. Анын айтымында, Өкмөт фонддор, инвесторлор жана бизнес үчүн ачык жана ыңгайлуу шарттарды камсыз кыла турган укуктук базаны даярдоодо.
IFCнин эксперттери сунушташты:
- Кыргызстандагы стартап жана ишкердик экосистемасынын абалы боюнча сереп;
- альтернативалуу инвестициялар чөйрөсүндөгү учурдагы жөнгө салууну талдоо;
- венчурдук рынокту өнүктүрүүнү стимулдаштырган мыйзам долбоорунун концепциясы.
Талкууга мамлекеттик органдардын, бизнес өкүлдөрүнүн жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен өттү. Катышуучулар капитал тартуунун жаңы инструменттерин түзүү стартаптарга идеяларын ишке ашыруу үчүн ресурстарды тезирээк табууга жардам берерин жана өлкөнүн экономикасына инновацияларды тез киргизүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Мыйзам долбоору боюнча иш инвестициялык чөйрөнү түзүүнүн маанилүү этабы катары каралууда. Бул кошумча капитал булактарын тартууга жана Кыргызстанда ишкердиктин туруктуу өсүшүн камсыз кылууга жардам берет.