Кыргызстанда экспорттоочуларды колдоо үчүн өзүнчө банк түзүү каралууда
Кыргызстанда компаниялардын тышкы рынокторго чыгуусун каржылоо жана экспортту кеңейтүү үчүн адистештирилген экспорттук банк түзүү каралууда.
Кыргызстанда келечекте компаниялардын тышкы рынокторго чыгуусун каржылай турган адистештирилген экспорттук банк түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча «КыргызЭкспорт» борборунун директору Урмат Такиров билдиргенин «Акчабар» маалымдайт.
Өзүнчө финансылык институт түзүү узак мөөнөттүү милдет катары каралууда. Такировдун айтымында, аны ишке ашыруу үчүн алгач мыйзамдык базаны түзүү, зарыл инфраструктураны даярдоо жана адистештирилген экспорттук каржылоого муктаж компаниялардын санын көбөйтүү зарыл.
Каржылоону компанияларга экспорттук келишимдерге байланыштырып берүү пландалууда. Каржы министрлигине тиешелүү механизмди иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.
«КыргызЭкспорт» каржылоого жеткиликтүүлүк кыргызстандык продукцияны чет өлкөлөргө жеткирүүнү кеңейтүүнүн негизги шарттарынын бири бойдон калып жатканын белгилейт. Ошондуктан адистештирилген финансылык инструменттерди өнүктүрүү экспорттук колдоону күчөтүүнүн этаптарынын бири болууга тийиш.