Кыргызстанда мобилдик капчыктардагы каражаттарды мураска калтырууга уруксат берүү сунушталды
Кыргызстанда мобилдик капчыктардагы электрондук акчаларды мураска калтырууга мүмкүндүк берген мыйзам долбоору сунушталды.
Жогорку Кеңеште электрондук акчаларды мураска өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берген мыйзам долбоору каралууда. Документ парламенттин март айына карата мыйзам чыгаруу ишинин планына киргизилди.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси — министрлер кабинети, ал документти парламентке 18-февралда жөнөткөн. Долбоорду Юстиция министрлиги иштеп чыккан.
Ведомстводо белгилешкендей, учурда электрондук акчаларды мураска калтыруу маселеси дээрлик жөнгө салынган эмес. Так укуктук нормалардын жоктугу белгисиздикти жаратып, мобилдик капчыктардагы каражаттар үчүнчү жактар тарабынан мыйзамсыз колдонулушу мүмкүн деген тобокелдикти жогорулатат.
Бул маселени чечүү үчүн электрондук акчаларды жарандык укуктардын объектиси катары бекитүү сунушталууда. Мындай норма аларды жарандык мыйзамдардын жалпы негиздери боюнча башка адамдарга өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берет.
Жарандык кодекстин учурдагы редакциясына ылайык жарандык укуктардын объектилерине төмөнкү мүлк категориялары кирет:
- акча каражаттары жана баалуу кагаздар;
- виртуалдык активдер;
- санарип сом;
- мүлктүк укуктар;
- интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары жана башка материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар.
Юстиция министрлиги Улуттук банктын статистикасын да келтирди. Регулятордун маалыматына ылайык, 2025-жылдын ортосуна карата Кыргызстанда 6 млн дан ашык электрондук капчык катталган.