Чолпон-Атада ШКУнун Банктар аралык бирикмесинин жыйыны башталды
Чолпон-Атада ШКУга мүчө мамлекеттердин банк өкүлдөрү катышкан Банктар аралык бирикменин кеңешинин XXII жыйыны башталды.
2026-жылдын 2-июлунда Чолпон-Атада Шанхай кызматташтык уюмунун Банктар аралык бирикмесинин кеңешинин XXII жыйыны ачылды, деп билдирет Economist.kg. Быйыл жолугушуу кыргыз тараптын төрагалыгы астында өтүүдө.
Жыйынга катышуу үчүн Кыргызстанга бирикмеге кирген Индия, Кытай, Пакистан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Тажикстандын банктарынын өкүлдөрү келишти. Ишке ШКУнун Катчылыгынын өкүлдөрү да кошулду.
Жолугушуунун негизги темалары банктар аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүү жана ШКУ өлкөлөрүнүн финансылык институттарынын ортосунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу болду.
Катышуучулар туруктуу каржылоо принциптерин илгерилетүүгө жана уюмдун мейкиндигинде көп тараптуу кызматташтыктын жаңы механизмдерин издөөгө өзгөчө көңүл бурушат.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин финансылык уюмдарынын ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө багытталган бир нече документти кабыл алуу пландалууда.