КФБдагы соода көлөмү 163 млрд сомдон ашты
Биржа соода көлөмүн эки эсе көбөйтүп, валюта жуптары жана IPOну ишке киргизүүгө даярданууда.
2025-жылдын башынан бери Кыргыз фондулук биржасындагы соода көлөмү 163 млрд сомдон ашып, былтыркы жылга салыштырмалуу 70 млрд сомго көбөйдү. Бул тууралуу 23-сентябрда КФБнын президентинин милдетин аткаруучу Айда Чодулова билдирди. Деталдары:
- январь–август айларында 1 711 бүтүм 163.8 млрд сомго түзүлгөн;
- 2024-жылы ушул эле мезгилде 1 201 бүтүм 93.7 млрд сомго болгон;
- 31-августка карата КФБ индекси 6 557.92 пунктка жетип, жыл ичинде 57% өскөн;
- рыноктун капитализациясы 228.5 млрд сомго жеткен;
- листинг секторундагы соода көлөмү эки эсеге өсүп, 151.3 млрд сомду түзгөн.
Негизги өсүү драйвери — корпоративдик баалуу кагаздар рыногу. Анда 158.18 млрд сомго бүтүмдөр түзүлгөн. Мамлекеттик баалуу кагаздар 5.6 млрд сомго, ал эми товардык-сырьё сегменти 69.2 млн сомго жеткен. Айрыкча алгачкы рынок активдүү болду: 864 бүтүм 154.13 млрд сомго, бул былтыркы деңгээлден дээрлик эки эсе көп.
Чодулованын айтымында, быйыл КФБга ГИК, «НЭСК», «МБанк», «Капитал Банк» жана «Кыргызстандын аэропорттору» жайгашкан. Биржа жакынкы аралыкта валюта жуптары, туундулар жана металлдар менен сооданы баштоого даярданууда. Келечекте IPO өткөрүү пландалууда, ага мамлекеттин үлүшү бар компаниялар да катышышы мүмкүн.