Швейцария Кыргызстандагы депозиттерди коргоо системасын бекемдөөгө жардам берет
SECO Кыргызстандын Депозиттерди коргоо агенттигинин финансылык туруктуулукту жана кепилдик системасынын ишенимдүүлүгүн бекемдөөгө багытталган жаңы долбоорлорун колдошу мүмкүн.
Швейцариянын экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик секретариаты SECO Кыргызстандын Депозиттерди коргоо агенттигинин жаңы демилгелерин колдошу мүмкүн, деп билдирет Economist.kg агенттиктин басма сөз кызматына таянып.
Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директорунун орун басары Нурлан Байбосунов Берн шаарында SECO программаларынын менеджери Рональд Гиндрат менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар учурдагы кызматташтыкты жана келечектеги долбоорлорду колдоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Агенттикте SECO Кыргызстандын финансы секторундагы маанилүү эл аралык өнөктөштөрүнүн бири бойдон каларын белгилешти. Швейцария тараптын колдоосу реформалар, финансы системасынын туруктуулугун жогорулатуу, банк секторун өнүктүрүү жана жөнгө салуу менен көзөмөлдүн эл аралык стандарттарын киргизүү менен байланыштуу.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү улантууга кызыкдар экенин тастыкташты. Биргелешкен долбоорлор финансылык туруктуулукту бекемдөөгө жана Кыргызстандагы депозиттерди коргоо системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүшү керек.