Кыргызстандагы банктарда доллардын үлүшү азайды

Банктардын доллардагы операциялары азайып, сомдогу көлөмдөр өсүүдө.

Кыргызстандын банктар секторунда долларизациянын деңгээли төмөндөп жатат. Улуттук банктын маалыматына ылайык, сентябрь айынын башында чет валюталык кредиттердин үлүшү 17,8% түзүп, жыл башына салыштырмалуу 2,2% азайды.

Депозиттерде да төмөндөө байкалат: валюталык салымдар 37,8% түзүп, жыл башындагы көрсөткүчтөрдөн төмөн. Сегиз айдын ичинде алардын үлүшү 5,1%га кыскарган.

Ошол эле учурда банктар секторунун негизги көрсөткүчтөрү өсүүдө. Депозиттердин жалпы көлөмү 717,6 млрд сомго жетип, жыл башынан бери 21,1%га көбөйгөн. Кредиттик портфель 429,6 млрд сомду түзүп, январь айына салыштырмалуу 26,1%га өскөн.