КР жарандарынын 200 миңден ашыгы насыя алууга өз алдынча тыюу салды
2025-жылдын 1-ноябрынан бери КРде 200 миңден ашык жаран Тундук аркылуу насыя алууга өз алдынча тыюу салды.
Ыктыярдуу насыя чектөө механизми ишке киргенден бери аны 200 миң адам колдонду. Кызмат 2025-жылдын 1-ноябрынан тартып жеткиликтүү болуп, туруктуу суроо-талапка ээ болуп жатканын Улуттук банк билдирди.
Бул курал жарандарга алардын жеке ырастоосуз насыяларды тариздөөгө бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк берет. Кошулуу Тундук мобилдик тиркемеси жана мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу жүргүзүлөт. Колдонуучу «Насыя алууга өз алдынча тыюу салуу» бөлүмүн тандап, эки кредиттик бюронун бирин көрсөтүп, аракетти ырасташы керек. Чектөө активдештирилгенден кийин дароо күчүнө кирет.
Мыйзамдык демилгени Жогорку Кенештин депутаттары көтөргөн. Документ парламент тарабынан жактырылып, 30-июлда президент тарабынан кол коюлган. Техникалык ишке ашырууну Санариптик өнүктүрүү министрлиги Улуттук банк менен биргеликте камсыздаган.
Кошулгандардын санынын өсүшү финансылык маалыматтарды коргоо инструменттерине кызыгуу жогору экенин көрсөтөт. Механизм кошумча чыгымдарсыз жеке кредиттик тарыхты көзөмөлдөөгө жана алдамчылык тобокелдиктерин азайтууга шарт түзөт.