Кредит алууга өз алдынча тыюу салууну 140 миңден ашык жаран тандады
Кыргызстанда 140 миңден ашык жаран кредит алууга өз алдынча тыюу салууну иштетти.
Кыргызстанда кредиттик алдамчылыктан коргонууга чечим кабыл алган жарандардын саны өсүүдө. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 16-январына чейинки мезгилде «Тундук» мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өз алдынча тыюу салууну 140 миң 264 жаран активдештирген.
Бул механизм 2025-жылдын 1-ноябрынан тартып иштей баштаган жана дароо эле жогорку суроо-талапка ээ болду. Өз алдынча тыюу салуу иштетилген учурда өлкөдөгү бардык банктык жана микрофинансылык уюмдарда колдонуучунун атына кредит же заем берүү толугу менен токтотулат. Бул жеке маалыматтар мыйзамсыз колдонулган учурларда да алдамчылар кредит ала албайт дегенди билдирет.
Улуттук банкта мындай активдүүлүктү каржылык алдамчылык коркунучтарынын сакталып турушу жана калктын санариптик коргонуу куралдары тууралуу маалымдуулугунун жогорулашы менен түшүндүрүшөт.