Садыр Жапаров жарандарды мамлекеттик баалуу кагаздарга онлайн инвестиция салууга чакырды
Садыр Жапаров жарандар мобилдик тиркеме аркылуу жылдык 17% кирешелүүлүгү бар мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып ала аларын билдирди.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Facebook баракчасында калк үчүн жаңы инструмент — жылдык 17% кирешелүүлүгү бар мамлекеттик баалуу кагаздар ишке киргизилгенин билдирди. Аларды мобилдик тиркеме аркылуу сатып алууга болот.
Мамлекет башчысынын айтымында, бул кадам финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатууга, инвестициялык маданиятты өнүктүрүүгө жана жарандардын каражаттарын өлкө экономикасына тартууга багытталган.
Мамлекеттик баалуу кагаздар Министрлер кабинети тарабынан жайгаштырылган. Аларды финансылык мекемелерге барбастан, көп документ толтурбастан жана татаал жол-жоболорсуз аралыктан сатып алууга болот.
Баалуу кагаздардын жүгүртүү мөөнөтү эки жылды түзөт. Бул мөөнөт аяктагандан кийин салынган сумма инвесторго толугу менен кайтарылат, ал эми баалуу кагаздар боюнча киреше квартал сайын төлөнүп турат.
Президент мындай баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү көпчүлүк банктык депозиттердин ставкаларынан жогору экенин белгиледи. Мындан тышкары, жакынкы убакта аларды кайра сатуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү пландалууда.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары эң ишенимдүү инвестициялык инструменттердин бири болуп саналат, анткени алар мамлекет тарабынан кепилденет. Ушуга байланыштуу ар бир жаранды бул демилгени колдоого жана ага активдүү катышууга чакырам», — деп белгиледи Садыр Жапаров.