Садыр Жапаров австриялык банктар менен корреспонденттик эсептерди ачууну сунуштады

Садыр Жапаров банктар аралык байланыштарды, сооданы жана инвестицияларды өнүктүрүү үчүн Кыргызстан менен Австриянын банктарынын ортосунда корреспонденттик эсептерди ачууну сунуштады.

Кыргызстан Австрия менен түз банктар аралык байланыштарды түзүүгө кызыкдар. Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн банктарынын ортосунда корреспонденттик эсептерди ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады, деп Economist.kg билдирет.

Сунуш 22-сентябрда Жапаровдун Австриянын президенти Александер Ван дер Беллен менен Нью-Йоркто болгон жолугушуусунда айтылды.

Кыргызстандын президентинин айтымында, банктар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү өз ара сооданы көбөйтүү жана инвестиция тартуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүшү мүмкүн.

Австриянын президенти айтылган сунуштарды изилдөөгө даяр экенин билдирди. Ван дер Беллен кыргыз тараптын сунуштары Австриянын Каржы министрлигинин кароосуна жөнөтүлөрүн маалымдады.