Садыр Жапаров 1 миң тонна алтынга ылайык хранилищеси бар Улуттук банктын жаңы имаратын ачты
Садыр Жапаров Улуттук банктын жаңы имаратын ачты. Хранилище 1 миң тонна алтын сактоого ылайыкталып, эл аралык коопсуздук талаптарына жооп берет.
Президент Садыр Жапаров Бишкекте жайгашкан Кыргызстандын Улуттук банкынын жаңы имаратынсалтанаттуу түрдө ачты. Аянты 22,2 миң чарчы метрди түзгөн заманбап комплекс өлкөнүн каржы тарыхындагы эң ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болду. Объекттин өзгөчөлүгү — эл аралык коопсуздук стандарттарына жооп берген, 1 миң тонна алтын сактоого ылайыкташкан хранилище.
Имарат Калык Акиев көчөсү, 89 дарегинде жайгашкан. Курулуш иштери эки жыл ичинде мамлекеттик «Кыргызстройсервис» ишканасынын жетекчилиги астында жүргүзүлгөн. Комплекс 10 функционалдык блоктон турат, анда иш бөлмөлөрү, кассалык түйүндөр, техникалык кызматтар, музей жана улуттук валютанын тарыхына арналган китепкана орун алган.
Буга чейин Кыргызстан өзүнүн алтын резервдерин чет өлкөлөрдө сактап келген. Эми мамлекет өз байлыгын өлкө ичинде сактоого мүмкүнчүлүк алды. «Мурун алтын сактоо боюнча чоң көйгөйлөр болгон — шарттар начар болчу. Резервдерибизди көп учурда чет элдик банктарда кармап келдик. Азыр Улуттук банк дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жана 1 миң тонна алтын сактоого мүмкүнчүлүгү бар ири хранилищеге ээ болду», — деди Жапаров.
Ал жаңы хранилище улуттук резервдерди ишенимдүү сактоону камсыз кылуу менен катар, чет өлкөлүк өнөктөштөргө да сактоо кызматтарын көрсөтө алаарын белгиледи.