Садыр Жапаров жана Дональд Трамп $300 млн облигация чыгаруу боюнча макулдашты
Садыр Жапаров жана Дональд Трамп АКШда жолугушуп, $300 млн облигация чыгаруу боюнча макулдашты. Гарант катары Oppenheimer чыгат, Citi менен меморандум түзүлдү.
Президент Садыр Жапаров АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ак үйдө жолугушуп, Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын кызматташтыгын чыңдоо маселесин талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир катар коммерциялык келишимдерге жетишип, алардын ичинде Кыргызстандын мамлекеттик банкынын беш жылдык облигацияларын $300 млн көлөмүндө чыгаруужөнүндө макулдашты.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруу боюнча келишим Oppenheimer аттуу америкалык инвестициялык компания менен түзүлдү. Ал жайгаштыруунун гаранты болуп саналат. Бул беш жылдык облигация чыгаруу кадамы Кыргызстандын эл аралык каржы рыногуна интеграцияланышына чоң салым кошот.
Мындан тышкары, Citi банкы жана Кыргызстандын мамлекеттик банктарынын бири банктын жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташууну өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.