Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу 2025-жылды 300 млрд сомдук жүгүртүү менен жыйынтыктады
2025-жылы Кыргызстандагы баалуу кагаздар рыногунун жүгүртүүсү 300 млрд сомго жакындады.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы баалуу кагаздар менен жүргүзүлгөн операциялардын жалпы көлөмү 300 млрд сомго жакындады. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдиргендей, учурда баалуу кагаздар рыногунда 282 кесипкөй катышуучу иш алып барууда. Алардын катарына брокерлер, дилерлер жана фонддук инфраструктуранын ишин камсыз кылган башка компаниялар кирет.
Анын айтымында, рыноктун учурдагы катышуучулары жетиштүү каржылык ресурстарга ээ. Бул жөнгө салуучу органга көңүлдү тышкы капитал рыноктору менен интеграциялоого бурууга мүмкүнчүлүк берет. Эл аралык тажрыйбага ылайык, мындай процесс адегенде мамлекет тарабынан жайгаштыруулардан башталат.
Чет өлкөлөрдө суверендүү облигациялар чыгарылып, пландалган каржылоо тартылгандан кийин, корпоративдик эмитенттерди тышкы рынокко чыгарууга даярдык иштери башталды. Алгач мамлекеттик катышуусу бар банк каралууда, келечекте башка компаниялар да кошулушу мүмкүн.