Акциялар рыногу санарип форматка өтүүдө
Кыргызстандын Министрлер кабинети акцияларды чыгарууну каттоону жана баалуу кагаздар рыногунда маалымат ачуу тартибин санарип форматка өткөрүүнү сунуштады.
Кыргызстандын Министрлер кабинети акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоо, ачык сунуш жана эмиссия проспекттери тууралуу жаңы жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ эмитенттердин ишин жеңилдетип, баалуу кагаздар рыногундагы процесстердин олуттуу бөлүгүн санарип форматка өткөрүүгө тийиш.
Негизги максат — бюрократиялык жүктү азайтуу, акцияларды чыгарууну тездетүү жана фондулук рынокту ачык-айкын кылуу. Негиздеме-маалымкатта азыркы ченемдер эскиргени жана финансы секторунун учурдагы өнүгүү деңгээлине мындан ары жооп бербей калганы белгиленет.
Долбоор каттоонун дээрлик бардык этаптарында документтерди электрондук түрдө берүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Финкөзөмөл акцияларды чыгарууну каттоо боюнча чечимди 15 жумуш күнүнүн ичинде кабыл алышы керек болот. Эмиссия проспектине өзгөртүүлөрдү каттоого 10 жумуш күнүнө чейин убакыт берилет.
Өзгөртүүлөрдүн өзүнчө блогу акцияларды ачык жайгаштырууга тиешелүү. Мындай чыгарылыштар үчүн эмитенттер акыркы 3 жыл үчүн аудиттен өткөн финансылык отчеттуулукту берүүгө милдеттүү болот. Мындан тышкары, эмиссия проспектине баалуу кагаздарды жайгаштырууну уюштурган рыноктун кесипкөй катышуучусу — андеррайтер кол коюшу керек.
Маалыматты ачуу тартиби да өзгөрөт. Гезиттердеги жарыялоолордун ордуна акцияларды жайгаштыруу тууралуу маалыматты компаниялардын жана фондулук биржалардын расмий сайттарына жайгаштыруу сунушталууда.
Ачык жайгаштырууларга көзөмөл да күчөтүлөт. Эгер проспектте жалган же адаштыруучу маалыматтар аныкталса, Финкөзөмөл акцияларды жайгаштырууну 1 айга чейин токтото алат. Эгер мыйзам бузуулар жоюлбаса, жөнгө салуучу орган чыгарылышты болбой калды деп таанып, мамлекеттик каттоону жокко чыгарууга укук алат.
Жаңы жобону кабыл алуу фондулук рынокту модернизациялоого кадам болуп, эмитенттер менен жөнгө салуучу органдын өз ара ишин тездетип, акцияларды чыгарууну компаниялар үчүн жеткиликтүүрөөк кылышы керек.