Чекене инвесторлор биржа аркылуу алтынды онлайн сатып ала алышат
Кыргызстанда жарандарга фондулук биржа аркылуу алтын куймаларын онлайн сатып алып Кыргызалтында сактоо мүмкүнчүлүгү пландалууда.
Кыргызстанда кымбат баалуу металлдарга инвестициялоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү пландалууда. Келечекте жарандар алтынды фондулук биржа аркылуу алыстан сатып алып, аны мамлекеттик Кыргызалтын компаниясынын атайын сактоочу жайларында сактай алышат.
Жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын вице президенти Мыктыбек Абиров билдирди. Анын айтымында, аянтчада алтын соодасы буга чейин эле жүргүзүлүүдө. Инвесторлорго Улуттук банктын салмагы 1 граммдан 100 граммга чейинки өлчөмдөгү куймалары күн сайын сатууга сунушталат.
Учурда биржа Кыргызалтын жана Каржы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти менен биргеликте бул багытты өнүктүрүү үстүндө иштеп жатат. Санариптик чечимдер киргизилгенден кийин жарандар алтынды алыстан сатып ала алышат.