2025-жылдын аягында Кыргызстандагы банктарга түшкөн накталай акчанын көлөмү 1 трлн 680 млрд сомдон ашты
2025-жылдын акыркы кварталында банктарга түшкөн накталай каражаттар рекорддук деңгээлге жетти.
2025-жылдын акыркы кварталында Кыргызстандагы коммерциялык банктардын кассаларына түшкөн накталай каражаттар рекорддук деңгээлге жетти. Улуттук банктын маалыматына ылайык, накталай акчанын жалпы агымы 1 трлн 680 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 264 млрд сомго же 18.7%гакөбөйдү.
Жыл ичинде накталай акча жүгүртүүсү туруктуу өсүштү көрсөттү. Кварталдар боюнча динамика төмөнкүдөй болду:
- 2025-жылдын I кварталы — 1 трлн 224 млрд сом, өсүш 3.3%;
- 2025-жылдын II кварталы — 1 трлн 344 млрд сом, өсүш 6.3%;
- 2025-жылдын III кварталы — 1 трлн 486 млрд сом, өсүш 4.5%;
- 2025-жылдын IV кварталы — 1 трлн 680 млрд сом, өсүш 18.7%.
Акыркы квартал 2025-жыл ичиндеги эң жогорку накталай акча агымы менен айырмаланды. Бул көрсөткүчтөр экономикада накталай акчанын жүгүртүүсү өсүп жатканын жана банктардын аларды топтоодогу маанилүү ролу сакталып жатканын айгинелейт.