2025-жылдагы Улуттук банктын пайдасы толугу менен бюджетке багытталат
2025-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын толугу менен республикалык бюджетке которуу мыйзам долбоору комитетте жактырылды.
Парламенттик комитет Улуттук банктын бардык пайдасын республикалык бюджетке которууну караган мыйзам долбоорун жактырды. Документ дароо үч окууда колдоого алынды.
2-февралда Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 100% пайдасын бюджеттин кирешелерине которууну караган конституциялык мыйзам долбоорун колдоду.
Демилге Министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу менен киргизилип, мамлекеттин киреше базасын бекемдөөгө багытталган. Мыйзам долбоорун каржы министринин биринчи орун басары Руслан Суйналиев тааныштырып, кошумча кирешелер артыкчылыктуу социалдык милдеттенмелерди каржылоого мүмкүндүк берерин белгиледи.
Профилдик комитет деңгээлинде мыйзам долбоорунун үч окууда колдоого алынышы аны пленардык жыйында ыкчам кароого жана Улуттук банктын пайдасын бюджеттик системаны жана социалдык-экономикалык туруктуулукту чыңдоого пайдаланууга жол ачат.