Кыргызстандын Улуттук банкынын пайдасы бир жылда 13 эсе өстү

Улуттук банк 2025-жылдын тогуз айында рекорддук таза киреше көрсөттү — 33.2 млрд сом, бул өткөн жылга салыштырмалуу 13 эсе жогору.

Кыргызстандын Улуттук банкы учурдагы жылдын тогуз айында рекорддук каржылык натыйжаларды көрсөттү. Регулятордун маалыматына ылайык, таза пайда 33 млрд 247.6 млн сомго жетип, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13 эсеге көп. 2024-жылдын январь–сентябрында банк 2 млрд 576.4 млн сом киреше көрсөткөн болчу.

Пайданын кескин өсүшү валюта рыногундагы активдүү операциялар жана монетардык алтынды кайра баалоо менен түшүндүрүлөт. Бул багыттар боюнча резервдер 2.7 эсеге өсүп, 68.4 млрд сомдон 182.4 млрд сомгожеткен. Эксперттер мындай динамиканы дүйнөлүк алтын баасынын өсүшү менен байланыштырууда.

Улуттук банктын капиталы бир жыл ичинде 83.3 млрд сомдон 227.9 млрд сомго чейин көбөйдү. Отчеттук мезгилдин аягында активдер менен милдеттенмелердин жалпы көлөмү 797.9 млрд сомго жетип, бул өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 53% жогору болду.

Экономикалык кырдаалдын туруксуздугуна карабастан, Улуттук банк 2024-жылы байкалган оң тенденцияны сактап калды. Ал кезде банктын жылдык таза кирешеси тарыхый максимум — 45.7 млрд сомго жеткен эле.