Керектөө кредиттери рекорд жаңылады: сентябрда 22.3 млрд сом берилди
Кыргызстанда керектөө насыялары сентябрда рекорддук 22.3 млрд сомго жетти, узак мөөнөттүү кредиттер рыноктун жарымынан ашты.
Кыргызстандын коммерциялык банктары сентябрь айында 22.3 млрд сомдук керектөө насыяларын берип, айлык көрсөткүч боюнча жаңы рекорд койду. Улуттук банктын маалыматына караганда, насыялоо түзүмү да өзгөрүп, узак мөөнөттүү кредиттердин үлүшү 52.5%дан ашты — үч жылдан жогору мөөнөттөр биринчи жолу рыноктун жарымынан көбүн түздү.
Сентябрдагы көлөм апрель айындагы мурунку рекордду жаңылады, ал кезде керектөө кредиттери 21 млрд сомгожеткен.
Тогуз айдын жыйынтыгында керектөө насыяларынын жалпы көлөмү 170.7 млрд сомду түзүп, жылдык эсеп менен 91.1%га өстү.