Банк кассаларына накталай акчанын түшүүсү II кварталда 36,9%га өстү
Кыргызстандын банк кассаларына накталай акчанын түшүүсү 2026-жылдын II кварталында 36.9%га өсүп, 1 трлн 841 млрд 600 млн сомго жетти.
2026-жылдын апрель-июнь айларында Кыргызстандын коммерциялык банктарынын кассаларына түшкөн акча каражаттарынын көлөмү 1 трлн 841 млрд 600 млн сомго жетти. Улуттук банктын маалыматы боюнча, бир жылда көрсөткүч 36.9%га өстү.
2025-жылдын II кварталына салыштырмалуу түшүүлөр 496 млрд 744 млн сомго көбөйдү. Бир жыл мурда банктар кассалар аркылуу 1 трлн 344 млрд 856 млн сом кабыл алган.
Накталай түшүүлөрдүн көлөмү үстүбүздөгү жылдын башындагы көрсөткүчтөн да кыйла жогору болду. 2026-жылдын I кварталында банк кассаларына 1 трлн 383 млрд сом түшкөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 13%га көп болгон.
Ошентип, II кварталда кассалык түшүүлөрдүн өсүү темпи тездеп, алардын көлөмү 2026-жылдын алгачкы үч айына салыштырмалуу дээрлик 459 млрд сомго көбөйдү.