Банк карталарын терминалдар аркылуу толуктоо идентификациядан кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн
Кыргызстандын Улуттук банкы төлөм терминалдары аркылуу банк карталарын, эсептерди жана электрондук капчыктарды накталай толуктоодо милдеттүү идентификация киргизүүнү сунуштап жатат.
Кыргызстандын Улуттук банкы төлөм терминалдары аркылуу банктык эсептерге, карталарга жана электрондук капчыктарга накталай акча салууда колдонуучуларды өздүгүн тастыктоого милдеттендирүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү токтом долбоорун жөнгө салуучу орган 28-августта жарыялаганын «Акчабар» билдирет.
Учурда мындай операциялар тобокелдиги төмөн операциялардын категориясына кирет, ошондуктан эсепти же картаны терминал аркылуу документ көрсөтпөстөн жана өздүгүн тастыктабастан толуктоого болот. Улуттук банк мындай операцияларды бул тизмеден чыгарууну сунуштоодо.
Жаңы эрежелер банктарга, төлөм уюмдарына жана алардын агенттерине жайылтылат. Колдонуучу өздүгүн бир нече жол менен тастыктай алат, анын ичинде жеке маалыматтарды киргизүү, документти сканерлөө, фото же видеофиксация, NFC, биометрия, мурда идентификацияланган төлөм инструменти же Кыргызстандын Бирдиктүү идентификация системасы аркылуу.
Идентификациядан кийин төлөөчү тууралуу маалымат мамлекеттик санариптик сервистер жана башка уруксат берилген булактар аркылуу текшерилиши керек. Маалыматтык система мындай текшерүүнүн жыйынтыгын жана жүргүзүлгөн убактысын каттайт.
Мыйзамда белгиленген чектердин ичиндеги операциялар үчүн кадимки идентификация жетиштүү болот. Лимитке жеткенде же андан ашканда кардарды кеңейтилген текшерүү талап кылынат. Тактап айтканда, колдонуучуга анкетаны түздөн-түз терминал аркылуу толтуруу сунушталышы мүмкүн. Долбоор конкреттүү чектик суммаларды белгилебейт, алар колдонуудагы мыйзамдар менен аныкталат.
Ошол эле учурда тобокелдиги төмөн бир катар төлөмдөр үчүн идентификацияны милдеттүү эмес бойдон калтыруу сунушталууда. Аларга коммуналдык кызматтар, салыктар, айыптар жана мамлекеттик алымдар, интернет жана телевидение, Кыргызстандын финансылык уюмдарындагы кредиттерди төлөө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар, айрым транспорттук төлөмдөр жана тизмеде каралган башка операциялар кирет.
Улуттук банк бул сунушту акчаны адалдоонун жана электрондук төлөм инструменттерин кылмыштуу максаттарда пайдалануунун тобокелдиктерин азайтуу зарылдыгы менен түшүндүрүүдө. Долбоорду коомдук талкуулоо 12-сентябрга чейин уланат.