Сак болуңуздар! Интернетте жана социалдык тармактарда «Мурас Банктын» жасалма насыя сунуштары пайда болду
Соцтармактарда «Мурас Банктын» атынан жалган насыя сунуштары тарап жатат. Чыныгы банк алдын ала төлөм талап кылбайт.
«Мурас Банк» расмий түрдө мындай «сунуштарга» тиешеси жок экенин билдирет. Банк учурда лицензия алуу процессинде жана кардарларга кызмат көрсөтө элек.
Эгерде ушундай сунуштарды көрсөңүздөр, эки нерсеге көңүл буруңуздар. Биринчиден, «кредиттик уюмдун» логотиби ЗАО «Мурас Банктын» расмий логотибине туура келбейт. Экинчиден, мындай жарнамаларда «кредит алуу үчүн» адегенде «кредиторго» акча төлөө талап кылынат. Эскерте кетели: чыныгы банктар насыя берүү үчүн эч качан алдын ала акча талап кылбайт.
Кардарлар менен иштөөнүн башталышы тууралуу «Мурас Банк» кошумча кабарлайт.
Соцтармактагы баракчаларыбыз: @murasbankKG (Telegram), @muras.bank (Instagram)