Баалуу металлдар жана таштар боюнча операциялар санарип форматка өтөт
Кыргызстанда баалуу металлдар жана таштар рыногу электрондук каттоо системасына өтүүдө. Каттоо процесси мамлекеттик портал аркылуу жүргүзүлөт.
Кыргызстанда баалуу металлдар жана таштар рыногунун катышуучуларын электрондук эсепке алуу системасыкиргизилүүдө. Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-октябры №662 токтомуна ылайык, эми баалуу металлдар жана таштар менен иш алып барган компаниялар жана ишкерлерди каттоо жана каттоодон чыгаруу процесси мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталы аркылуу жүргүзүлөт.
Жаңы чечимдин негизги максаты — административдик процедураларды жөнөкөйлөтүү жана тармакты санариптик негизде жөнгө салуу. Документке ылайык:
- каттоо үчүн документтерди берүү мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу ишке ашат;
- каттоодон чыгаруу тууралуу билдирүү электрондук кол тамга менен бекитилген электрондук документ түрүндө жөнөтүлөт.
Мурун каттоого туруу үчүн кагаз түрүндөгү документтердин толук пакетин тапшыруу талап кылынган, бул убакытты көп алып, ишкерлер үчүн кошумча административдик жүк жараткан.