Үч жылдан ашык мөөнөткө берилген насыялардын көлөмү 46.5% көбөйдү

Улуттук банк маалымдагандай, узак мөөнөттүү насыялардын көлөмү дээрлик эки эсеге өсүп, элдин каржылык мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө.

Кыргызстандын жарандары узак мөөнөттүү насыяларды барган сайын көп тандап жатышат. Улуттук банктынмаалыматына ылайык, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча үч жылдан ашык мөөнөткө берилген насыялардын көлөмү 46.5% өсүп, 146 млрд сомго жеткен.

Башка насыя категорияларында да олуттуу өсүш байкалган:

  • кыска мөөнөттүү насыялар (бир жылга чейин) 21.2% көбөйүп, 52.8 млрд сомду түзгөн;
  • бир жылдан үч жылга чейинки насыялар 25.4% көбөйүп, 135.6 млрд сомго жеткен.

Узак мөөнөттүү насыялардын үлүшү көбөйгөндүктөн, өлкө боюнча насыяларды төлөө орточо мөөнөтү 30.8 айдан 32 айга чейин узарган.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2024-жылдын аягында коммерциялык банктардын жалпы насыя портфели 340.1 млрд сомду түзүп, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 32.3% жогору болгон (257.1 млрд сом).