Кыргызстанда кредит берүү көлөмү бир айда 9% азайды

Кыргызстандын банктары 2026-жылдын июлунда 51 млрд 600 млн сом кредит берип, көлөмү июнь айына салыштырмалуу 9% азайды.

Кыргызстандын коммерциялык банктары 2026-жылдын июль айында карыз алуучуларга 51 млрд 600 млн сом кредит беришти. Бир айда жаңы кредиттерди берүү көлөмү 9% азайды, деп «Акчабар» билдирет.

Июнь айында банктар 56 млрд 700 млн сом кредит беришкен. Ошентип, бир айдын ичинде жаңы каржылоонун көлөмү 5 млрд 100 млн сомго кыскарды.

Ошол эле учурда кредиттердин орточо наркы бир аз төмөндөдү. Улуттук жана чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган чен июль айында 16.15% түздү, ал эми бир ай мурда 16.24% болгон.

Кредиттердин негизги бөлүгү сом менен берилген. Алардын көлөмү 44 млрд сомго жетти.