Баалуу кагаздардын соодасы эки эсе өстү, бирок үлүшү аз бойдон калууда

КФБда мамлекеттик облигациялар боюнча соода көлөмү 5,62 млрд сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 2,2 эсе көбөйдү.

Кыргыз фондулук биржасында мамлекеттик баалуу кагаздарга болгон кызыгуу өсүүдө. 2025-жылдын январь–август айларында казначейлик облигациялар жана векселдер боюнча сооданын көлөмү 5,62 млрд сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 2,2 эсе көбөйдү.

Ошол эле учурда мамлекеттик кагаздардын биржадагы жалпы соода структурасындагы үлүшү дагы деле аз — болгону 3,4% (өткөн жылы 2,7%).

Мамлекеттик баалуу кагаздардын рыногу КФБда салыштырмалуу жаңы: соодалар 2023-жылдын май айында башталган. Азыр инвесторлор үчүн эки инструмент жеткиликтүү — мөөнөтү 2 жыл болгон казначейлик облигациялар жана 12 айлык векселдер.

Биржанын маалыматтарына ылайык:

  • 2025-жылдын сегиз айында жалпы соода көлөмү 163,87 млрд сомду түздү;
  • 1 711 бүтүм түзүлгөн (өткөн жылы — болжол менен 1,2 миң);
  • жалпы жүгүртүү 74% дан ашык өстү.

Мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча 5,62 млрд сомдун ичинен 5 млрд сомдон ашыгы 64 бүтүмгө туура келди. Ар бир бүтүмдүн орточо көлөмү 87,8 млн сомду түзүп, бул банктар менен ири каржы институттарынын рыноктогу үстөмдүгүн тастыктайт.