КРУБдун ноталарынын көлөмү бир жылда дээрлик 13 эсе өстү

Кыргызстандын Улуттук банкынын жүгүртүүдөгү ноталарынын көлөмү 2025-жылдын аягына карата дээрлик 13 эсе өсүп, 9 млрд 650 млн сомго жетти.

2025-жылдын аягына карата Кыргызстандын Улуттук банкынын жүгүртүүдөгү ноталарынын көлөмү 9 млрд 650 млн сомго жетти. Бир жыл мурда бул көрсөткүч 747 млн 100 миң сомду түзгөнү жөнгө салуучунун финансылык отчеттуулугунан көрүнөт.

Ошентип, бир жыл ичинде Улуттук банктын карыздык баалуу кагаздарынын көлөмү дээрлик 13 эсе көбөйдү. Өсүш ноталардын акча-кредит саясатынын инструменттеринин бири катары колдонулушуна байланыштуу.

2025-жылы жайгаштыруулардын негизги бөлүгүн жүгүртүү мөөнөтү 91 күн болгон ноталар түздү. Алардын көлөмү 5 млрд 450 млн сомго жетти. Дагы 3 млрд 430 млн сом 182 күндүк баалуу кагаздарга туура келди. Жети күндүк ноталар 777 млн сомго чыгарылды.

2024-жылы Улуттук банк жүгүртүү мөөнөтү 91 жана 182 күн болгон ноталарды чыгарган эмес, ошондуктан мындай инструменттердин пайда болушу жүгүртүүдөгү баалуу кагаздардын жалпы көлөмүнүн кескин өсүшүнүн факторлорунун бири болду.

Өзүнүн баалуу кагаздарын чыгаруу аркылуу Улуттук банк банк системасындагы ликвиддүүлүктү жөнгө салат жана акча рыногундагы кырдаалга таасир этет. Мындай операциялар банктардын ашыкча каражаттарын алуу жана акча-кредит саясатынын параметрлерин колдоо мүмкүнчүлүгүн берет.