Үч жылдан ашык мөөнөткө берилген кредиттердин көлөмү 241 млрд сомго жетти

Кыргызстанда үч жылдан ашык мөөнөткө берилген кредиттердин көлөмү 65.7%га өсүп, 241 млрд сомго жетти.

Кыргызстанда төлөө мөөнөтү узак болгон насыялардын портфели эң тез өсүүдө. Үч жылдан ашык мөөнөткө берилген кредиттер категориясында эң жогорку өсүш катталды, деп билдирет «Акчабар» Улуттук банктын маалыматына шилтеме берүү менен.

Отчеттук мезгилде мындай насыялардын көлөмү 65.7%га көбөйүп, 241 млрд сомго жетти. Бул сегмент төлөө мөөнөттөрү боюнча кредиттөөнүн бардык категорияларынын ичинен эң жогорку динамиканы көрсөттү.

Бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эсептелген кредиттердин портфели 41.1%га өсүп, 191 млрд сомду түздү. Бир жылдан аз мөөнөткө берилген насыялардын көлөмү 23.5%га көбөйүп, 65 млрд сомго жетти.

Кредиттик рыноктун түзүмүндөгү өзгөрүүлөр насыяларды төлөөнүн орточо мөөнөтүнө таасирин тийгизди. Кредиттик портфелдин дюрациясы 32 айдан 33.6 айга чейин көбөйдү.