Нурлан Идинкулов “Мурас Банк”тын Директорлор кеңешине кирди
Нурлан Идинкуловдун “Мурас Банк”тын Директорлор кеңешине дайындалышы Сергей Ентц банкты рынокко чыгаруу алдында күчтүү башкаруу командасын түзүү жана корпоративдик башкарууну өнүктүрүү багытындагы курсуна дал келет.
Нурлан Идинкулов Мурас Банктын Директорлор Кеңешинин мүчөсү болду. Адис катары анын артында Кыргызстандагы ири банктарда 17 жылдык тажрыйба бар, ал юрисконсултан баштап Башкаруу Мүчөсүнө чейин жол өттү. Анын карьерасында «АТФБанк – Кыргызстан» («Оптима Банк»), «Халык Банк Кыргызстан» («О!Банк»), «Дос-Кредобанк», «ФинансКредитБанк» жана «Коммерческий банк Кыргызстан» («Мбанк») бар.
2020-жылдан тарта Идинкулов “Толубай” банкында Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди башкаруу комитетинин төрагасы болуп иштейт. Ошондой эле ал жеке юридикалык практика жүргүзүп, финансылык уюмдарга укуктук колдоо жана соттук өкүлчүлүк боюнча кеңеш берет.
Идинкулов Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын жана КР ИИМ академиясын бүтүргөн. Ал лицензияланган адвокат жана КР Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык арбитраждык соттун арбитри болуп саналат.
“Мурас Банк”тын жалгыз акционери — Сергей Ентц. Финансылык уюм учурда лицензия алуу баскычында турат. Сентябрь айында банк Бишкекте кеңсесин ачып, расмий веб-сайтын ишке киргизди.