Улуттук банк QR-төлөмдөрдүн көлөмү 908 млрд сомго жеткенин белгиледи

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда QR-төлөмдөрдүн көлөмү 908 млрд сомдон ашып, операциялар 525 млнго жетти.

Кыргызстанда QR-код аркылуу накталай эмес эсептешүүлөрдүн мааниси өсүүдө. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча мындай операциялардын жалпы көлөмү 908 млрд сомдон ашып, саны 525 млн ашты. Бул тууралуу түз эфирде регулятордун санариптик финансы технологиялары башкармалыгынын башчысы Нургул Ташбекова билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары QR-код аркылуу эсептешүүлөр тездик менен өсүп, өлкөнүн төлөм системасынын санариптик трансформациясынын маанилүү бөлүгүнө айланды. Бүгүнкү күндө колдонуучулар эсеп кайсы банкта ачылганына карабастан, каалаган банктын мобилдик тиркемеси аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзө алышат. Банктар менен төлөм уюмдарынын биригүүсү улуттук QR-стандарт аркылуу камсыздалган.

Регулятордун өкүлү Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигинде жана Борбор Азияда бирдиктүү QR-стандартты киргизген жана бардык банктар менен төлөм системаларын интеграциялаган алгачкы өлкөлөрдүн бири болгонун белгиледи.

Улуттук банкта инфраструктураны өнүктүрүү улантылып жатканын кошумчалашты. Приоритеттердин катарында эсептешүүлөрдү тездетүү жана колдонуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн тез төлөмдөр системасын киргизүү бар.