КР Улуттук банкы эсептик ченди өзгөртүүсүз калтырды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик ченди 11% деңгээлинде сактап калды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгы эсептик ченди 11% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чен 2026-жылдын 27-январынан тартып азыркы деңгээлде калат. Регулятор кийинки кадамдар ички жана тышкы факторлордун динамикасына жараша кабыл алынарын белгиледи.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков 27-январда өткөн маалымат жыйынында билдиргендей, негизги чен боюнча чечимдер дүйнөлүк экономиканын абалы жана ички макроэкономикалык шарттар эске алынуу менен кабыл алынат.

Анын айтымында, тышкы экономикалык кырдаал начарлаган учурда Улуттук банк акча-кредит саясатынын параметрлерин, анын ичинде эсептик ченди жогорулатуу маселесин карап чыгууга даяр. Ошол эле учурда регулятор мындай чечимдер карала турган жыйындардын календарын алдын ала жарыялап, рынок үчүн ачык-айкындуулукту камсыз кылат.

Эсептик чен акыркы жолу 2025-жылдын 25-ноябрында өзгөртүлүп, 10%дан 11%га чейин жогорулатылган.