Улуттук стейблкоин KGST TRON тармагына кошулушу мүмкүн

Кыргызстан KGST стейблкоинин TRON блокчейн тармагына интеграциялоо жана эл аралык ликвиддүүлүккө чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Кыргызстандын бийлиги улуттук стейблкоин KGSTти TRON блокчейн платформасынын инфраструктурасы менен интеграциялоо аркылуу анын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Сүйлөшүүлөр Виртуалдык активдерди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов менен TRON негиздөөчүсү Джастин Сан ортосунда видеоконференция форматында өттү.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар KGSTти TRON экосистемасына технологиялык кошуу жана транзакциялар үчүн онлайн чөйрөнү өнүктүрүү маселелерин карашты. Ошондой эле санариптик активди эл аралык аянтчаларда, анын ичинде инфраструктурасы TRON менен байланышкан HTXте листинг кылуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

TRON стейблкоиндер, айрыкча Tether менен операциялардын көлөмү боюнча эң ири блокчейн тармактарынын бири болуп саналат. Платформанын маалыматына ылайык, колдонуучулардын саны 360 млндан ашат. Тармак бир катар өлкөлөрдө санариптик каржы инструменттерин чыгаруу жана жүгүртүү үчүн базалык инфраструктура катары колдонулат.

Макулдашууларга жетишилсе, KGST кеңири эл аралык ликвиддүүлүккө жана жогорку өткөрүмдүүлүккө ээ технологиялык базага жетүү мүмкүнчүлүгүн алат. Бул Кыргызстан үчүн улуттук санариптик активдин глобалдык виртуалдык активдер рыногундагы позициясын бекемдөөнү жана өлкөдөн тышкаркы катышуусун кеңейтүүнү билдирет.