Улуттук банк сомго болгон ишенимдин өсүшүн жана экономиканын долларлашуусунун төмөндөшүн билдирди
Кыргызстандын Улуттук банкы кредиттердин жана депозиттердин сомдошуусу өсүп, улуттук валютага ишеним бекемделип жатканын билдирди.
Кыргызстанда улуттук валютадагы операциялардын үлүшү өсүүнү улантууда. Улуттук банктын маалыматына ылайык, кредиттик портфелдин сомдошуу деңгээли 80%дан ашты, ал эми депозиттик базаныкы дээрлик 70%га жетти.
Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков ШКУга мүчө мамлекеттердин финансы министрлери жана борбордук банктарынын башчыларынын жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, жөнгө салуучу орган долларлашуунун төмөндөшү тууралуу гана эмес, экономиканын сомдошуусу тууралуу да айтууну туура көрөт, анткени бул көрсөткүч улуттук валютага болгон ишенимдин бекемделишин чагылдырат.
Козубеков кредиттердин жана депозиттердин сомдогу үлүшүнүн өсүшү ырааттуу акча-кредит саясатынын натыйжасы болгонун белгиледи. Улуттук банктын баалоосуна ылайык, улуттук валютанын жагымдуулугуна алмашуу курсунун туруктуулугу, банк системасынын ишенимдүүлүгү, анын ачыктыгы жана натыйжалуулугу да таасир этет.
Улуттук банкта кредиттерде жана депозиттерде сомдун ролунун мындан ары бекемделиши финансы системасынын туруктуулугун колдоп, Кыргызстандын валюталык тобокелдиктерге көз карандылыгын төмөндөтөт деп эсептешет.