Улуттук банк накталай рубль операцияларына көзөмөлдү күчөтөт
Улуттук банк 5 млн рублдан жогору накталай рубль операциялары боюнча милдеттүү отчеттуулук жана күчөтүлгөн мониторинг киргизди.
Кыргызстандын Улуттук банкы накталай чет өлкө валютасы менен операцияларга, анын ичинде орус рублине көзөмөлдү күчөтүү чечимин кабыл алды. Тиешелүү токтом регулятордун башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын 4-мартында кабыл алынган.
Документ коммерциялык банктарды кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы мыйзамдардын алкагында накталай рубль операцияларын ички мониторингден өткөрүүнү күчөтүүгө милдеттендирет.
Жаңы талаптар төмөнкүлөрдү карайт:
- 5 млн рублдан жогору операциялар тууралуу маалыматты бир операциялык күндүн ичинде өткөрүп берүү;
- операциядан кийинки күндүн саат 11.00үнө чейин отчет жөнөтүү;
- кардар тууралуу маалымат берүү, анын ичинде ИНН же ПИН;
- кардардын ишмердүүлүк түрүн жана төлөмдүн максатын көрсөтүү;
- операциянын форматын көрсөтүү — накталай акча салуу же эсептен каражат алуу.
Жаңы талаптарды сактоо үчүн жоопкерчилик коммерциялык банктардын башкармалыктарына жүктөлөт. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Улуттук банктын башкармалыгынын көзөмөл методологиясы боюнча жооптуу мүчөсүнө тапшырылды.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирип, 2027-жылдын 1-мартына чейин колдонулат. Регулятор мониторингдин күчөтүлүшү накталай валюта операцияларынын ачыктыгын жогорулатып, банк системасын мыйзамсыз каржылык схемаларда колдонуу тобокелдиктерин азайтат деп эсептейт.