Улуттук банк исламдык каржылоонун эрежелерин катаалдаштырууда

Улуттук банк исламдык каржылоону жөнгө салууда кардарларды коргоо үчүн жаңы талаптарды киргизүүдө.

Улуттук банк исламдык каржылоону жөнгө салууга өзгөртүүлөр пакетин даярдады. Жаңы нормалар кардарларды коргоону күчөтүүгө жана ашыкча карыз жүгүн азайтууга багытталган.

Токтом долбоору ислам принциптери боюнча иштеген банктардын, микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ишин керектөөчү кредиттөө жана банктык укуктук мамилелер боюнча жаңыртылган мыйзамдарга ылайык келтирүүнү карайт.

Негизги жаңычылдыктар шарттардын ачыктыгына жана кардарлар алдында каржы уюмдарынын жоопкерчилигине тиешелүү. Тактап айтканда, документ төмөнкү милдеттүү талаптарды киргизет:

  • керектөөчү каржылоо берүүдө карыз жүктөмүнүн көрсөткүчүн эсептөө;
  • карыз жүгү 60%дан ашкан учурда кардарды жазуу жүзүндө тобокелдиктер тууралуу милдеттүү эскертүү;
  • бардык чыгымдарды, анын ичинде эффективдүү % ченди камтыган стандартташтырылган маалымат баракчасын берүү;
  • үстөк, комиссия, айып жана пеняларды кошкондо жалпы төлөмдөрдү каржылоонун суммасынан 60%дан ашырбоо;
  • рефинансылоонун жол-жоболорунун санын эки жолудан ашырбоо;
  • кардарга каржылоону алуу учурунда камсыздандыруудан баш тартуу укугун бекитүү.

Бул өзгөртүүлөр исламдык каржылоонун шарттарын ачык кылып, кардарлар үчүн түшүнүктүүлүгүн жогорулатып жана рынокто адилетсиз практикалардын тобокелдигин азайтат деп күтүлүүдө.