Улуттук банк алдамчылыкка каршы чараларды күчөттү — картаны өткөрүп бергендер 10 жылга чейин камалышы мүмкүн

Алдамчылыкка каршы чаралар күчөтүлдү — картаны башка адамга өткөрүп бергендер 10 жылга чейин камалышы мүмкүн.

Кыргызстандын Улуттук банкы кардарларды коргоо боюнча чараларды күчөтүүдө. Регулятор өлкөдөгү банк жана төлөм системаларындагы алдамчылык менен күрөшүүгө багытталган токтом долбоорун иштеп чыкты.

Долбоордун негизги максаты — каржы операцияларынын коопсуздугун жогорулатуу жана колдонуучулардын банктарга болгон ишенимин арттыруу. Документ Жаза кодексине жана тиешелүү мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөртүүлөрдү эске алуу менен даярдалган.

Негизги өзгөртүүлөрдүн катарында:

  • банктар жана төлөм компаниялары шектүү операциялар аныкталганда накталай акча чыгарууну 24 саатка чейин чектөөгө тийиш;
  • алдамчылыктын белгилери табылган учурда операциялар 30 күнгө чейин бөгөттөлүшү мүмкүн;
  • карталарды жана электрондук капчыктарды чыгаруучулар келишимдерге үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салуучу пункт киргизүүгө милдеттүү;
  • кардарлар мобилдик тиркеме аркылуу келген которууларды тастыктай же четке кага алышат.

Эми банк картасын, электрондук капчыгын же SIM-картасын башка адамдарга атайылап өткөрүп берүү — айып пулдан тартып 10 жылга чейинки эркинен ажыратууга чейин жазаланат.