Улуттук банк насыянын сапатын жана күрөөлөрдү мониторингдөөнү күчөттү
Улуттук банк насыялардын сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүп, текшерүүнүн чеги 300 миң сомго чейин жогорулатылды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктардын ишине көзөмөлдү күчөтүп, кредиттик тобокелдиктерди башкаруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул чаралар кредит берүүнүн ачыктыгын жогорулатууга жана кайтарылбаган насыялардын өсүшүн алдын алууга багытталган.
Өзгөртүүлөр 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/25-2-(НБ) токтому менен бекитилген Кредиттик тобокелдиктерди башкаруу боюнча Инструкцияга киргизилди. Жаңы тартипке ылайык, насыяларды милдеттүү текшерүү порогу 300 миң сомго чейин жогорулатылды.
Текшерүү төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
-
300 миң сомго чейинки насыялар — жылына бир жолу;
-
300 миң сомдон жогору, кыймылдуу мүлк менен камсыздалган насыялар — жылына эки жолу;
-
500 миң сомго чейинки жана бузуу фактылары жок насыялар боюнча төлөм мониторинги колдонулат.
Улуттук банк белгилегендей, бул чара чекене насыялардын көлөмү өсүп жаткан шартта өзгөчө мааниге ээ, анткени камсыздалбаган кредиттердин үлүшү көбөйүүдө.